Балдарды коргоо күнү. Бишкек мектептеринде тынчтык сабактары өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда “Наристе - 2024” IV эл аралык балдар фольклор фестивалынын алкагында борбор калаанын мектептеринде тынчтык сабактары өткөрүлдү.

Алсак, Ленин районунун аймагындагы №97 мектепте иш-чара мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Ленин районунун акиминин орун басары Айзада Жунусова жана Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаеванын катышуусунда өттү.

Иш-чарага Калмакстан, Монголиядан, ошондой эле Жалал-Абад, Талас облустарынан делегаттар катышты. Концерттик программа жана мастер-класстар өткөрүлдү.

Октябрь районунда делегаттар Алтын-Ордо конушундагы №98 мектепте болушту.

Санкт-Петербургдан, Сербиядан, Нарын жана Чүй облустарынан келген конокторго борбор калаадагы мектеп окуучуларынын колунан жасалган буюмдар көрсөтүлүп, билерик токуу, бетти боёо боюнча мастер-класстар өткөрүлдү, ошондой эле «Кыргызстан эмне менен ассоция болот» деген темада интерактивдүү оюн ойнолду.

Ошондой эле делегаттарга улуттук оюндар көрсөтүлүп, улуттук тамак-аштар тартууланды.

Свердлов районунун аймагындагы №12 мектеп-гимназиясында район башчысы Кубанычбек Айтакуновдун катышуусунда иш-чара болуп өттү.

Казакстандан, Түркиядан, ошондой эле Баткен облусунан келген коноктор номерлерди тартуулашты. Өз кезегинде бишкектин мектеп окуучулары өздөрүнүн номерлерин көрсөтүп, эстелик белектерин тапшырышты.

Иш-чара этно стилде өтүп, келген коноктор үчүн улуттук суусундуктар жана деликатестерден турган фуршет уюштурулду.

Биринчи май районунун аймагындагы иш-чара райондун акиминин орун басары Айнура Арстамбекованын катышуусунда №70 мектеп-гимназиясында өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Корея, Башкортостан, Ысык-Көл жана Ош облустарынан келген конокторго Кыргызстандын ар бир аймагынын кызыктуу жерлери тууралуу айтып беришти.

Балдар музыкалык номерлерди көрсөтүшүп, робототехника, кийиз жана квиллинг, ошондой эле улуттук оюндар боюнча мастер-класстарга катышты.

Иш-чара этно фуршет жана флешмоб менен аяктады.

Белгилей кетсек, “Наристе” эл аралык балдардын фольклордук фестивалынын негизги максаты Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен тааныштыруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий