Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Ош шаарындагы иш-чаралардын программасы

Аймак 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарында бир катар майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чаралардын программасы:

— саат 10:00-15:00гө чейин Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында улуттук спорт оюндары, чуркоо мелдештери, атайын бий өнөрлөрү, асфальтка сүрөт тартуу жана башка оюн-зооктор өткөрүлөт.

— саат 17:00дө А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда балдар арасында Эл аралык жеңил атлетика түрү боюнча турнирдин ачылыш аземи болот. Иш-чара Кыргызстандын белгилүү ырчылары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолот.

— саат 13:00дө Бабур театрында "Raxsana в стране чудес" аталышындагы бий спектакли тартууланат. Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий