Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралдан тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Токмок шаарларынынын мектептерине 1-класска балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Саат 14:00гө карата келип түшкөн арыздардын саны:
- Бишкек шаарынын
Ленин району – 605;
Сведлов району – 854;
Октябрь району– 785;
Биринчи Май району – 827;
Жалпы – 3071.
Ал эми башка шаарлар боюнча 100дөн ашык электрондук арыз келип түштү.
Жарандарга жана мектептердин директорлоруна техникалык колдоо көрсөтүү кызматы: (иш күндөрү: дүйшөмбү - жума, иш сааттары 9:00-18:00. Тыныгуу сааты: 12:00-13:00)
0312 88 71 99
0500 88 71 99
0222 88 71 99
0990 88 71 99
Пикир
Оставить комментарий