Балдарды сатуу боюнча 10 кылмыш иши козголгон

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. 2018-жылы балдарды сатуу боюнча 10 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 7 иш боюнча материалдар бириктирилген.

“Бүгүнкү күнгө чейин алар боюнча тергөө уланууда. 2 иш боюнча 8 адам өтүүдө. Иш сотко жөнөтүлгөн. Алардын бири боюнча соттун чечими чыгып, бир адам 4 жылга соттолгон”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий