Бишкек, 03.01.25. /Кабар/. Учурдагы жаңы жылдык эс алуу күндөрү менен мектеп окуучуларынын каникулунда көңүлдүү убакыт өткөрүү үчүн Бишкек шаарында көп мүмкүнчүлүктөр бар.
Таза абада активдүү убакыт өткөрүүнү каалагандар үчүн шаардан алыс эмес жайгашкан лыжа, муз тебүүчү жайлар, тоо лыжа базалары иштөөдө.
Ал эми шаар ичинде балдар менен маданий жайларга барып, жагымдуу, тынч эс алууну тандагандарга шаардык театрлар жана мамлекеттик цирк кызыктуу программаларын даярдаган.
Балдар үчүн:
1. 3-январда 11.00дө М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында орус тилинде "Новогодняя головоломка", саат 13.00дө кыргыз тилинде "Соник жана балаты шамы" шоу программалары болот. Билет баалары 300 сом.
2. 20-декабрдан 12-январга чейин саат 14.00дө "Манас" театрында балдарга арналган "Московское шоу" программасы өтүүдө. Билет баасы 1000 сомдон 2 миң сомго чейин.
3. 2-3-4-11-12-январда саат 15.00дө "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда "Йети цирк" балдарга арналган кар шоусу уланууда. Билет баасы 300 сомдон сатылууда.
4. 4-январда саат 11.00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында "Айболит и Бармалей" балдар музыкалык спектакли болот. Билеттер 300 сомдон сатылууда.
5. 5-январда 11.00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында "Кошкин дом" балдар үчүн операсы коюлат. Билет баасы 300 сом.
6. 5-6-7-январда "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда күнүгө саат 13.00дө "Один дома" театралдык шоу программасы уланат. Билет баасы 700 сом.
7. 3-4-5-8-9-10-11-12-январь күндөрү саат 14.00дө А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде бардык үй-бүлө үчүн жаңы жылдык цирк программасы коюлууда. Билет баасы 400 сомдон жогорку баада сатылууда.
Эске салсак, 2024-2025-окуу жылынын окуу планына ылайык, мектеп окуучулары кышкы каникулда 30-декабрдан 2025-жылдын 12-январына чейин эс алууда.
Пикир
Оставить комментарий