• 87
  • 90.41
  • 0.84

Балдарга карата катаал мамиленин алдын алуу максатында адистер үйлөрдү кыдырууда

Өкмөт 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Баардык райондордо балдарга карата катаал мамилени, зордук-зомбулуктун алдын алуу, оор жашоо шартындагы балдарды аныктоо жана мониторинг жүргүзүү максатында райондук штабдын мүчөлөрү кожолуктарды кыдырууда. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бул иштер балдарга карата зордук-зомбулуктар көп катталып жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасынын негизинде аткарылып жатат.

Райондук штабдардын мүчөлөрү мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүү максатында кожолуктарды кыдырып, балдарга карата физикалык жана психологиялык жактан зомбулук жасоого, катаал мамиле кылууга жол бербөө тууралуу калкка маалымат жеткирүү иштерин жүргүзүүдө.

Район акимдери штабдын ишин жана балдарга жасалган катаал мамилени, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча шашылыш чаралардын 2019-2020-жылдарга карата планын жүзөгө ашырууда жеке жоопкерчиликти алат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине ишти координациялоо, балдарга орой мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүү учурларын өзгөчө көзөмөлгө алып, ар бир факт боюнча тыкыр жана калыс тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу тапшырмасы берилген.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен жашоо шарты оор балдардын автоматташтырылган маалымат базасын ишке киргизген.

Маалымат базасы жашоо шарты оор балдарды ыкчам аныктап жана аларды коргоо үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү шарттайт. Бала аныкталган учурдан тарта бардык маалымат бирдиктүү базага түшөт. Базадагы маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү тармактык мамлекеттик органдардын кызматкерлеринде бар. Ар бир мамлекеттик орган бала кандай жардамга муктаж экенин дароо аныктайт.

Пикир

Оставить комментарий