• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад унаа жолуна кар көчкү түштү

Аймак 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 346-348-чакырымдарында кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, туннелдин ичинде болжол менен 10 унаа туруп калган.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу, 2 милиция кызматкери, тазалоо иштерине 1 жүктөгүч тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий