• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Балыкчы - Кочкор" темир жолун куруу өз нугунда жүрүп жатат - "КТЖ"

Коом 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. "Балыкчы-Кочкор" темир жолдун курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан маалымдашты.

белгиленгендей, 2022-жылы пландалган 5 чакырым темир жол толугу менен курулуп бүткөн. Жумуштар толугу менен "Кыргыз темир жолу" МИнин өздүк каражатынын эсебинен аткарылган.

2023-жылга 15 км курулушу пландалып, анын ичинен 11 км төмөнкү курулуш жол даярдалып бүттү, калган 4 чакырымында иштер уланууда жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт. Мындан тышкары даярдалган жолдо темир-бетон шпалдарын, рельстерди төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштерине жалпысынан ишканадан 85 жумушчу жана 26 атайын техника тартылган.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 31-мартында президент Садыр Жапаров "Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече" темир жолунун курулушунун башталышына старт берген. "Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече" (186 чм) долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы - узундугу 63 чакырым болгон "Балыкчы - Кочкор" темир жолунун участогун куруу саналат.

Пикир

Оставить комментарий