Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулуш иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Учурда Орто-Токой суу сактагычынын аймагында темир жолдун төмөнкү конструкциясын куруу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле саздак тилкелерге геоторлор салынып, көлөмү чоң суу өткөргүч түтүктөрү орнотулууда.

Курулуш иштерине жалпы 30дан ашуун атайын техника жана 60тан ашуун жумушчу тартылган. Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулуш иштери башталгандан бери жалпы 45 суу өткөргүч түтүкчөлөр орнотулган.

Ал эми Кочкор аймагындагы 30-44 чакырымдарда бургулоо-жардыруу иштеринин долбоору даярдалып, тиешелүү мекемелер менен макулдашуу иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек 2022-жылы 5 чакырым, ал эми 2023-жылы 15 чакырым темир жолу курулуп бүткөрүлгөн. 2024-жылга 15-20 чакырымын куруу иштери пландалууда.

Курулуш иштерин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы өз каражатына курууда.

Пикир

Оставить комментарий