• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Балыкчы - Кочкор унаа жолу убактылуу жабылат

Аймак 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Балыкчы - Кочкор унаа жолу убактылуу жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-октябрдан тарта 1 ай аралыгында Балыкчы - Кочкор унаа жолунун 39+90 чакырымдан 42+90 чакырымга чейинки тилкеси маал-маалы менен жабылып турат.

Белгиленгендей, аталган тилке дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 8.00дөн 17.30га чейин жабык болот.

Жол курулуп жаткан темир жолдун 37-чакырымынан 43-чакырымына чейинки бөлүгүндөгү бургулоо жана жардыруу иштерине байланыштуу жабылат.

Пикир

Оставить комментарий