• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Балыкчы – Корумду автожолунун курулушуна бюджеттен дагы кошумча 500 млн сом өлчөмүндө каражат каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24-май /Кабар/. Балыкчы – Корумду автожолунун курулушуна бюджеттен дагы кошумча 500 млн сом өлкөмүндө каражат бөлүнөт. Буга чейин эки транш менен 412 млн сом (212 млн сом жана 200 млн сом) берилген. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетинин учурдагы аткарылышы жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдиргендигин парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Ысык-Көл аймагынын тургундарынан жол маселеси, жолдун курулушун үзгүлтүккө учуратпоо боюнча көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын эске салган депутат Алтынбек Жунус уулу туристтик мезгил башталып калганын, Балыкчы – Корумду жолунун азыркы абалы ыӊгайсыздык жаратып жатканын баса белгиледи. “Жол таманы, көпүрө орду казылып калгандыктан, анда жашаган адамдарга да кыйынчылык келтирүүдө. Айыл ичиндеги жолдорду тезинен калыбына келтирүү зарыл”, - деп кошумчалады ал.

Андан тышкары, 2017-жылдын 31-мартына карата мамлекеттик карыздын көлөмү 4 млрд 160 млн долларга жеткени белгилүү болду. Анын ичинде 3 млрд 803 млн доллар тышкы карыз, ал эми 356 млн доллар ички карыз болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий