Балыкчы шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай курулууда

Аймак 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Балыкчы шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай курулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев бүгүн Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев, министрликтин тиешелүү жетектөөчү адистери, облус башчысы Улан Далиев, Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу менен биргеликте канализациялык-тазалоочу курулмалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Белгиленгендей, аталган объектте курулуш-монтаждоо иштери 2022-жылдын сентябрында башталып, керектүү тетиктер жана жабдуулар толук жеткирилген. Курулуш-монтаждоо иштерин 2024-жылдын август айында аяктоо пландаштырылууда. Объект кабыл алынгандан кийин саркынды сууларды тазалоо боюнча функционалдык кепилдиктерди камсыз кылуу үчүн ишке киргизүү жумуштары башталат.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча министр Бакыт Төрөбаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тийиштүү жетекчилерге курулуш-монтаждоо иштерин өз убагында бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий