• 87
  • 90.43
  • 0.88

Балыкчы шаарында туристтер үчүн "Кыргыз комплекси" курулат – мэр

Аймак 0

Бишкек, 26.11.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Балыкчы шаарында Кыргызстандын жети облусун чагылдырган "Кыргыз комлпекси" курулат. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу билдирди.

Анын айтымында, аталган комплексте Кыргызстандын 7 дубаны тууралуу маалыматты камтыган жети боз үй курулат.

"Балыкчы шаары Ысык-Көлдүн кире бериши. Туристтер алгач эшикти көрүп анан төргө өтүшөт. Ошондуктан биз азыр Балыкчы шаарында туризм тармагын өнүктүрүү максатында бир катар долбоорлорду иштеп чыгуудабыз. Кечээ күнү эле жаңы туристтерди тейлөө борбору ачылды. Эми Туристтерди тейлөө борборунун жанында "Кыргыз комлекси" курулат. Анда өлкөнүн жети облусунун тарыхый балуулуктары тууралуу маалымат берилет. Мисалы, биринчи боз үйдү ала турган болсок, ал боз үйдө Ысык-Көл тууралуу маалыматтар берилет. Алсак, Ысык-Көлдүн узундугу, тереңдиги канча, кандай тарыхый жерлер бар? Айтор Ысык-Көл тууралуу баардык маалыматтар берилет. Мындан сырткары, Балыкчыдагы балык, өрүк жана башка нерселерди сатып алектенген сатуучулар, эми "Кыргыз комплексинде" отуруп сатышат", - деди ал.

Анарбек уулу кошумчалагандай, Кыргыз комплексин куруу иштери 2025-жылдын январь айында башталып, бир жыл ичинде пайдаланууга берилери пландалууда. Мындан сырткары, Балыкчыда туристтер үчүн атайын "Толкун пляжы" курулат.

"Быйыл биз биринчи борбордук пляжын ачканбыз. Анда туристтер аябай көп келишти. Кээ бир күндөрү, орун жетишпей калып жатты. Буга байланыштуу эми экинчи борбордук "Толкун пляжын" куруу пландалууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий