• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Балыкчыда 02626 аскер бөлүгүнүн жаңы штабынын курулушуна капсула салынды

Аймак 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 10-февралында 02626 аскер бөлүгүнүн аскер шаарчасынын аймагында 02626 аскер бөлүгүнүн жаңы штабын куруу үчүн капсула салуу салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанатка коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Балыкчы шаарынын мэри Аманат Сыдыков, согуштун, Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Токтогул Мамбеталиев, эл аралык илим жана бизнес университетинин ректору Чолпон Алкадырова, ошондой эле аскер бөлүктүн командири жана өздүк курамы катышты.

"Бүгүн масштабдуу долбоор башталып жатат, ал өзүнө кызматтык бөлмөлөрдү, генерал-майор И.В. Панфилов атындагы музейди жана “Даңк аллеясын” камтыган чоң долбоор, аны бүткөрүү ушул жылдын аягына чейин пландаштырылууда. Келечектеги муунга, урпактарыбызга жакшы тилектерибизди калтырып жатып, КР Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөөнүн мыкты салттарын улантып, Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн кызматтык милдеттерди чынчылдык менен аткарышына тилектешпиз”, - деп билдирди Коргоо ведомствосунун башчысы өз сөзүндө.

Андан кийин генерал-майор Б. Бекболотов жана 02626 аскер бөлүгүнүн командири полковник У. Исаков келечектеги муундарга арналган катка кол коюшуп, аскер бөлүктүн келечектеги штабынын жаңы түптөлүп жаткан пайдубалына капсула салышты.

Пикир

Оставить комментарий