• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Балыкчыда 6 миң барак-дарактын көчөтү отургузулду

Аймак 0

Бишкек 13.06.23. /Кабар/. Балыкчыда 6 миң даана бак-дарак көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчөттөр Сары-Булак аймагындагы 1,8 гектар жерге отургузулду.

Ишембиликке Жогорку Кеңештин депутаттары, Айыл чарба министрлигинин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Балыкчы шаардык мекеме жетекчилери, орто мектептердин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү, мугалимдер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара "Жашыл мурас" улуттук өнтүгүнүн алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий