• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Балыкчыда эл аралык стандарттагы спорт комплекс курууга даярдык көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.07.24. /Кабар/. Балыкчы шаарында эл аралык стандарттагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплекси (ФОК) курулуп, ушул жылы ишке берилгени турат. Бул тууралуу шаар мэри Азамат Анарбек уулу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун түздөн түз тапшырмасы жана демилгеси менен тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Балыкчы шаарында эл аралык стандарттагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплекси (ФОК) курулуп ушул жылы ишке берилгени турат.

"Тарыхта биринчи жолу шаарыбызга олимпиадалык спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө шарт түзүлүп, чет элден келген спортчулардын да машыгып, даярдык көрүүсүнө жакшы өбөлгө түзүлгөнү турат. Анткени, комплекске улай эле беш жылдыздуу мейманкана дагы курулат. Ошентип, эми Балыкчы шаарында эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат", - деп жазды мэр.

Ал белгилегендей, бул комплекс балыкчылыктардын көптөн күткөн эңсөөсү болуп келди эле ага учкай "Балыкчы шаарынын өнүгүүсүнүн он багыты" болгон программанын 9-багыты "спорттук туризми өнүккөн шаар" багыты да бул ири долбоорго шайкеш келет.

"Комплекстин долбоорлук сметалык кагаздарынын өз убагында даярдалып, каражат жагы маселесиз чечилип жатканына президенттин иш башкармалыгы башчысы Каныбек Тургунбекович Туманбаев мырзага да эң чоң ыраазычылык билдирип кетем.

Комплекстин курулуш иштерин президенттин иш башкармасынын алдындагы "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы колго алып, Балыкчы шаардык мэриясы тараптан ар тараптуу колдоо болуп жатат. Эскилиги жеткен мурунку спорт комплекс бузулуп курулушка даярдалып да бүттү. Кудай буюрса заманбап комплекс Балыкчылык туугандардын назарына ушул жылдын аягына чейин тартуулап ачылышын кылабыз деп пландап жатабыз. Ийгиликтерге бирге умтула берели", - деп жазды Азамат Анарбек уулу.

Пикир

Оставить комментарий