• 87
  • 90.59
  • 0.87

Балыкчыда жаңы туристтик тейлөө борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Балыкчы шаарында жаңы туристтик тейлөө борбору ачылды. Бл тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, туристтик борбор Дүйнөлүк банктын "Борбор Азиядагы аймактык байланыш жолдорун жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы" долбоорунун алкагында курулду.

Ачылыш аземине Экономика министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн, Дүйнөлүк банктын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Аталган борбор туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, көпчүлүккө таанымал пансионаттарга жана тоо-лыжа базаларына баруучу жолдор көрсөтүлөт.

Ошондой эле жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Жаңы борбор туристтерге маалыматтык колдоо көрсөтүү, эс алуу зонасы, сувенирдик дүкөн, дааратканалар, унаа токтотуучу жайлар жана электромобилдерди кубаттоо станциялары сыяктуу кызматтарды сунуштайт.

Бул тейлөө борбору Ысык-Көлдүн жээгиндеги туристтик тейлөө борборлорунун тармагына кирет. Ушундай борборлор Түп, Теплоключенка, Тосор жана Бөкөнбаев айылдарында да ачылууда.

Долбоор Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин буйрутмасы жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылган.

2024-жылы бул объекттер Туризмди өнүктүрүү фондунун башкаруусуна өткөрүлүп берилген. Мындай борборлордун ачылышы Ысык-Көл облусуна туристтердин агымын көбөйтүп, Кыргызстандын эл аралык туристтик аренадагы позициясын бекемдөөгө өбөлгө болот деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий