• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бангладештин түштүгүндө селдин айынан кеминде тогуз киши көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 21.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бангладештин түштүгүндө селдин айынан кеминде тогуз киши көз жумду. Бул тууралуу ТАСС бангладештик басылмаларга таянуу менен жазды.

Маалыматтарга караганда, нөшөрлөп жааган жаандан кийинки ири сел каптоолордон улам Бангладештеги жол кыймылы толугу менен токтоп калды. Ал арада жергиликтүү бийлик тарабынан бардык туристтик объекттерге барууга тыюу салынды.

Суу ташкын кеминде тогуз кишинин өмүрүн алса, дагы жүздөгөн жашоочулар коопсуз жайга эвакуацияланды. Жапа чеккен аймактардагы мектептерге эвакуация болгондор жайгаштырылууда.

Түндүк райондордо миллиондон ашык адам суу каптаган аймактарда экендиги айтылууда. Силхет районунда дээрлик 900дөй кыштак суу астында калды. Аймактагы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга, чыгымдарды эсептөөгө жана тургундарга жардам берүүгө куткаруучулар жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий