Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы банк ишин ким көзөмөлдөйт, анын негизги максаты эмнеде жана банктык көзөмөл кандай жүргүзүлө тургандыгын айтып берди.
Банк ишин ким көзөмөлдөйт?
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын банк тутумунун натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча Улуттук банктын негизги милдеттеринин бирин жүзөгө ашыруу максатында, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк тутумуна, анын ичинде Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн банктардын жана башка юридикалык жактардын ишине көзөмөл жүргүзөт.
Жалпысынан, банк ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу, банк ачылган (түзүлгөн), лицензия берилген учурдан тартып, банктын жабылышына (иши токтотулганга) чейин Улуттук банк жүргүзгөн иш-чаралардын жыйындысынан турат.
Банктык көзөмөлдүн негизги максаты эмнеде?
Кыргыз Республикасынын банк тутумунун туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын сактоо. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Улуттук банк банктардын учурдагы ишине кийлигишпейт.
Көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банк Базель комитетин кошо алганда, банктык көзөмөл жана жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды чыгарарын белгилей кетүү керек.
Ошондой эле, Улуттук банк капиталдын минималдуу өлчөмүнө, зарыл ликвиддүүлүк деңгээлине, валюталык, кредиттик, операциялык жана башка тобокелдиктерди чектөөгө жана аларды башкарууга, ошондой эле стандарттардын жана талаптардын башка түрлөрүнө карата экономикалык стандарттарды жана талаптарды белгилейт.
Банктык көзөмөл кандайча жүргүзүлөт?
Банктык көзөмөл тышкы көзөмөл жана банктын ишин текшерүү, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды чыгаруу жолу менен жүзөгө ашырылат. Ушул максатта Улуттук банк комплекстүү жана максаттуу текшерүүлөрдүн ыкмаларын тышкы көзөмөл менен айкалыштырып, анын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ар бир банктын көзөмөлдөө стратегиясын аныктайт.
Сырткы көзөмөл менен текшерүүнүн негизги айырмачылыгы эмнеде?
Банктардын тышкы көзөмөлү алыстан, туруктуу негизде, берилген отчеттор жана башка маалыматтар боюнча банктардын ишин талдоо, ошондой эле банктын ишинин негизги багыттары боюнча банктын башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Банктын ишин текшерүү мезгил-мезгили менен Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлерин банкка жөнөтүү жолу менен жүргүзүлөт.
Текшерүүнүн алкагында банктын финансылык абалы, банктын туруктуулугуна жана коопсуз иштешине, банктын финансылык жана ченемдик отчеттуулугунун ишенимдүүлүгүнө таасир эткет, банктын иш-аракетиндеги мүнөздүү тобокелдиктер, башкаруунун сапаты жана натыйжалуулугу, банктын Улуттук банктын көрсөтмөлөрүн, талаптарын жана сунуштарын аткаруусу, банктын Кыргыз Республикасынын банктык стандарттары, банк тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген башка милдеттенмелерди жана талаптарды аткаруусу бааланат.
Эл аралык мейкиндиктеги банк ишин көзөмөлдөө стандарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу Улуттук банк CAMELS мыйзамдарынын талаптарын аткарууга багытталган көзөмөлдөө ишинен тобокелдиктерге негизделген көзөмөлгө (мындан ары – ТНК/РОН) бир калыпта өттү.
Тобокелге негизделген көзөмөл деген эмне?
ТНК - бул банктын ишиндеги эң чоң тобокелдик чекитин аныктоо үчүн банктын ишинин ар кандай чөйрөлөрүн жана аларды башкаруу сапатын, ошондой эле ички контролдун сапатын баалоо боюнча активдүү мамилеге негизделген көзөмөлдөө. ТНКнын негизги максаттарынын бири - банк ишинин эң чоң тобокелдиктер байкалган чөйрөлөрүнө көзөмөлдөөчү көңүлдү буруу. Мындан тышкары, ТНК Улуттук банктын жана банктын иш процессине зыян келтирбестен, көзөмөлдөөчү ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүүгө салым кошот.
Башкача айтканда, ТНК Улуттук банктын жооптуу кызматкерлеринин кесипкөй чечимине негизделген сандык, сапаттык анализ аркылуу банктын ишиндеги тобокелдиктерди баалоону, анын мүнөзүн, тобокелдик профилин жана маанилүүлүгүн эске алуу менен банкка карата жеке мамилени колдонууну камтыйт.
Тобокелдик деген эмне, тобокелдиктердин кандай түрлөрү банктарга мүнөздүү?
Тобокел - белгилүү бир финансылык операциялардын натыйжасында банк ресурстарынын бир бөлүгүн жоготуп, кирешесин жоготуп же кошумча чыгымдарды алып келүү коркунуч ыктымалдуулугу.
Заманбап банк рыногу тобокелсиз ойго келбейт. Тобокелдик ар кандай операцияда болот, анын ар кандай масштабда болушу жана ар кандай жолдор менен компенсацияланышы мүмкүн. Банк иши үчүн жалпысынан тобокелчиликтен алыс болбостон, аны болжолдоп, минималдуу деңгээлге чейин төмөндөтүү керек.
Банктар, коммерциялык уюм катары, адаттагыдай эле, эң көп киреше алууга умтулушат. Бирок бул каалоо жоготууларга учуроо мүмкүнчүлүгү менен чектелген. Күтүлгөн киреше канчалык жогору болсо, тобокелдик ошончолук жогору болот.
Базель комитетинин классификациясы активдер жана милдеттенмелер балансында тең салмактуулукту алып келиши мүмкүн болгон кредиттик, рыноктук, операциялык, ликвиддүүлүк, кадыр-барк тобокелдиктерин ж.б. аныктайт. Тобокелдиктердин бардык түрлөрү бири-бирине байланыштуу жана банктын ишине таасирин тийгизет.
Белгилүү бир талаптар аткарылбаган учурда банкка карата чаралар көрүлөбү?
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк банкка, анын акционерлерине жана банктын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонот. Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларын колдонуунун максаты - банктын жана / же бүтүндөй Кыргыз Республикасынын банк тутумунун ишиндеги көйгөйлөрдү тез арада жоюу, оңдоо жана четтетүү.
Таасир чараларын колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузуу негиз болуп саналат.
Таасир чаралары банкка мыйзамды бузууну четтетүү жөнүндө буйрук жөнөтүү, банкка жана / же банктын кызмат адамына айып салуу, мисалы, финансылык жактан калыбына келтирүү чараларын көрүү, чектөөлөрдү белгилөө же банк ишинин айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга тыюу салуу жана банк мыйзамдарына ылайык башка чаралар.
Пикир
Оставить комментарий