• 87
  • 90.59
  • 0.86

Банк кызматкерлери үчүн салык салуу маселелери боюнча окутуулар өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу борбору менен биргеликте Кыргызстандын банктарынын кызматкерлери үчүн окутуу курстарын өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул курстарда катышуучулар республикадагы салык салуунун негиздерин, анын ичинде киреше салыгын, мүлк салыгын жана резидент эместерге салык салуунун өзгөчөлүктөрүн үйрөнүштү.

Мындан сырткары, алар автоматтык салыктык маалымат алмашуу системалары аркылуу иштөө менен таанышты.

Банк кызматкерлеринин салык салуу жаатында алган билимдери кардарлардын маалыматтарын натыйжалуу талдоого, шектүү операцияларды аныктоого жана жергиликтүү салык мыйзамдарынын, ошондой эле эл аралык ченемдердин сакталышын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Салык маселелериндеги компетенттүүлүк айып пулдардын, санкциялардын жана аброй тобокелдиктеринин алдын алууга өбөлгө түзөт, ошондой эле банктын шектүү салык схемаларына катышуу мүмкүнчүлүгүн азайтып, бардык операциялардын ченемдерге ылайык жүргүзүлүшүн камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий