• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

"Банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Банктар жана банк иштери жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Ушул мыйзамдын максаты - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн “Банктар жана банк иштери жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү болуп саналат.

Кабыл алынган мыйзам менен “Банктар жана банк иштери жөнүндө” КР мыйзамына толуктоо киргизилди, ага ылайык министрлер кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктар («Элдик Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК) аны менен байланыштуу жактын алдында милдеттенмелерди төлөө же башка жол менен аткаруу, банк менен байланыштуу жактан кандайдыр бир мүлктү сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн берүү үчүн кандай болбосун жак менен бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий