• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Салык төлөөчүлөр киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү тууралуу отчетторду бирдиктүү формада тапшырышы керек

Экономика 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы бардык салык төлөөчүлөр, анын ичинде чакан, орто ишкердик субъекттери жана коммерциялык эмес уюмдар 2022-жылдын 1-январынан берки отчеттук мезгил үчүн ай сайын киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары тууралуу отчетторду FORM STI-161 бирдиктүү формада берүүлөрү керектигин маалымдайт.

Салык кодексине ылайык, салык агенти ар айдын 20-күнүнөн кечиктирбестен, киреше салыгы боюнча отчетту төлөй турган жери боюнча салык органына берүүгө милдеттүү.

Салык агенти кармап калуучу киреше салыгы салык агентинин учурдагы салыктык эсепке алуу орду боюнча, ал эми обочолонгон бөлүгү болгондо – обочолонгон бөлүктүн эсептик катталган жери боюнча төлөнөт.

Буга байланыштуу мурда эсептешүү ведомостторун жана киреше салыгы боюнча отчетторду ар кандай салык органдарына тапшырган төлөөчүлөр эсептешүү ведомостун берүүнүн мурдагы орду боюнча Социалдык фонддун каттоо номерин алдын ала жаап, киреше салыгы боюнча отчет берилүүчү жер боюнча Социалдык фонд органдарында каттоодон өтүшү керек.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, 2022-жылдын 1-январынан берки отчеттук мезгил үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептик ведомостторду кабыл алуу алынып салынат. Ошол эле учурда, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр 2022-жылдын 1-январына чейинки отчеттук мезгил үчүн баштапкы жана такталган эсептешүү ведомостун тапшырууга мүмкүнчүлүгү бар.

Белгилей кетсек, чакан жана орто ишкердик субъекттерге жалпы салык режиминин салык төлөөчүлөрү катары катталган субъекттер, ошондой эле бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча катталган салык төлөөчүлөр, анын ичинде салыктарды нөлгө барабар ставка боюнча төлөгөн субъекттер кирет.

Салык кодексинин 102-беренесине ылайык салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде салык органынын чечими менен салык отчетун берүү мөөнөтү 30 күнгө узартылышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий