• 86.5
  • 91.38
  • 0.86

Башаламан менчиктештирүү. Тарыхый адилеттүүлүктү абийирдүү гана бийлик орнотот

Аналитика 0

Кыргызстандын жаңы тарыхында 1991-жылы башталган менчиктештирүүнүн жыйынтыгы таң калтырган, мамлекеттин келечегине кара так калтырган десек болот. Бул процесс өлкөнүн денесине чыккан жара сыяктуу бүгүнкү күнгө чейин ырбап, оорутуп келет. Буга чейин бир дагы бийлик бул дартты изилдеп, дарылап, тийиштүү тыянак чыгарган эмес. Ошол мезгилде, жаңы эле эгемендүүлүккө ээ болгон өлкө, кандай өнүгүү жолун тандайбыз деп изденүү абалында эле.

Бийлик эмне кыларын билбей, эгемендүүлүк деген ушул экен деп, менчиктештирүү процессин баштап, өз элин сазга тыкканы бул ачуу чындык.

Заматта эле атамекендик өнөр жай болуп көрбөгөндөй талкаланып, чириген байлар пайда болуп, карапайым эл итке минип калган мезгил эле. Аны анча-мынча бийликке аралашып калгандар эле билбесе, жөнөкөй эл менчиктештирүүнүн маанисин да, мазмунун да, эрежелерин да түшүнбөй эле калышкан.

Бүгүнкү расмий маалыматтар боюнча, 1991-жылдан бери Кыргызстанда 7 миңге жакын (!!!) мамлекеттик объектилер менчиктештирилген. Алардын ичинде кампаларды жана башкаларды эсепке албаганда, 135 завод жана 47 фабрика бар.

Баш аламандык менен башталган менчиктештирүүнүн биринчи этабы 1991-жылдан 1993-жылга чейин болгон. Ошондогу программага ылайык Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматтары боюнча, республиканын негизги фондуларынын 35% пайызынан кем эмес бөлүгү менчиктештирилген.

2010-жылы 7300дөн ашуун объектилер же бардык өнөр жай ишканаларынын 88% пайызы, соода жана коомдук тамактануу ишканаларынын 97% пайыздан ашыгы жана дээрлик бардык тиричилик жактан тейлөө ишканалары жеке менчикке өткөрүлгөн.

Ошондогу бийлик тарабынан жүргүзүлгөн маалымат компаниясы менчиктештирүүнүн негизги максаты – бул мамлекеттин бюджетинин кирешесинин көбөйтүп, мүлктөрдү мындан ары ийгиликтүү иштете турган ээлерине өткөрүп бердик дешкен. Бирок, сатылган мүлктөрдүн өтө аз пайызы гана өз тармагын сактап калган. Алардын көпчүлүгү аукциондон кийин биринчи эле жылы жараксыз абалга келген. Себеби, бул объектилердин бардыгы ит бекер акчага жеке колго өтүп кеткен.

Бул менчиктештирүүнүн эң жаман жери завод-фабрикалар токтоп, миңдеген жумушчуларды көчөдө калтырган.

Ошондогу ар бир өткөрүлгөн аукцион боюнча кылмыш ишин козгосо болот. Жүз миллиондон ашык турган имарат жүз миң сомго жетпеген акчага сатылып кеткен мисалдар көп.

Дүкөндөрдүн имараттарынын жана цехтердин бир чарчы метри орточо баасы борбордо 16 сомдон ашкан эмес. Менчиктештирүү доордо шылуундар пайда болгону да жашыруун эмес. Бир маалда мүлктөрдү ким сатып жатканы, кайсыл баада сатылат деген маалымат жок болуп калган учур болгон. Көрсө маалыматты жарыя кылган гезиттин бардык тиражын ошол шылуундар сатып алган экен.

Ошондогу менчиктештирүүнун сырларын учурда түбөлүктүү оппозиционерге айланган Равшан Жээнбеков жакшы билет. Ал ошондогу Мамлекеттик мүлк фондусун жетектеп турган мезгилде, тыюу салынганына карабай, 9 жыл ичинде сатылган объектилердин санындай мүлктөр бир жылдын ичинде сатылып кеткен. Болгондо дагы социалдык объектилерди жеке менчике өткөрүп беришкен.

Ондогон пионер лагерлердин жер тилкелерине эч ким жакшы баа берген эмес. Алар ошол бойдон жыргатпаган акчага сатылып, бюджетке болбогон эле тыйын түшүп калган.

Ошондогу менчиктештирүү процесси образдуу тил менен айтканда, ач чөөлөр өлүктү талагандай эле болгон. Менчиктештирүүнүн пайдасын көргөндөр, ошол чөөлөрдөн айрымасы жок кылмышкерлер. Алар коррупциялык кылмыштардын мөөнөтү эскирген деген мыйзамга таянып, ушул мезгилге чейин тынч уктап келишкен. Бирок учурдагы бийлик коррупциялык кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгарган мыйзам кабыл алып, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү процессин баштады.

Ал эми азыр өлкө боюнча мыйзамсыз менчиктештирилген ондогон объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылып жатат. Бул ишти Камчыбек Ташиев аягына чыгарам деп убада кылды.

«Баарын мыйзамдык базага кайтаруу керек. Булар элдин байлыгы. Жүз миңдеген, миллиондогон кыргызстандыктардын байлыгын 5-10 адам басып алган. Мунун баарын мамлекетке кайтаруу керек. Мисалы, Жалал-Абадда үч чоң автобазанын аймагын мамлекетке кайтарып бердик. Ал жерге мектептерди, шаардык кеңештин алкагында үйлөрдү куруп, жерди шаарга кайтарып беребиз. Алар мындай объектилерди ээлеп алышып, 30 жылдан бери өздөрүн бай санап келишет. Эч нерсе эмес, мыйзам чегинде кайтарып беребиз», - деди УКМКнын башчысы.

Мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен объектилерди мамлекетке кайтаруу – бул өлкөдө адилеттилүүктү орнотуу. Адилеттүү бийлик – бул элдик бийлик!

Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий