• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Башкы экспонаты – боз үй. Москвада "Көчмөндөр цивилизациясы" музейи ачылды

Коом 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин колдоосу менен Москва шаарындагы В.В.Жириновский атындагы Дүйнөлүк цивилизациялар университетинде "Көчмөндөр цивилизациясы" музейинин салтанаттуу ачылышы өттү.

Элчиликтен билдиришкендей, музей ушул жылы 6-мартта Москва шаарында өткөн Кыргыз-Россия аялдарынын биринчи форумунун алкагында кол коюлган меморандумга ылайык уюштурулду.

"Анын максаты кыргыз элинин искусствосун жана каада-салтын, көчмөн маданиятын жайылтуу, маданий-агартуу иш-чаралары аркылуу мекендештерге жана башка элдердин кызыккан өкүлдөрүнө таанытуу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

"Көчмөндөр цивилизациясы" музейинин башкы экспонаты – ичи толук жасалгаланган кыргыз боз үйү. Музейдин жетекчиси "Боз үй дайым биз менен" долбоорунун автору – кыргыз диаспорасынын активисти Дамира Казакпаева.

"Көчмөндөр цивилизациясы" музейинде маданияттар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү экскурсиялар, "чий курчак" улуттук куурчактарын жасоо боюнча мастер-класстар, тематикалык көргөзмөлөр жана башка билим берүү жана маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий