Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. 18-20-декабрда Россиянын Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Максат Тентимишов иш сапары менен Тюмень облусуна барды.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-сапарынын алкагында башкы консул аймактын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, анын ичинде Соода-өнөр жай палатасы, "ОПОРА Россия", "Ишкер Россия" жана башка уюмдар менен жолугушууларды өткөрдү.
Ошондой эле "Прованс" ЖЧКсы жана "Ягоды плюс" АӨК ишканаларына барды. Жолугушуулардын жүрүшүндө башкы консул айыл чарбасындагы соода-логистикалык борборлорду куруу, "жашыл" экономика, энергетика жана тоо-кен тармагындагы инвестициялык долбоорлорду сунуштады.
Ал ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн белгиледи. Кыргызстандагы экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүктөр, анын ичинде жаратылыштын жана продукциянын экологиялуулугу, тигүү өнөр жай товарларынын кеңири ассортименти жана жыл бою эс алуу мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.
Тентимишов Тюмень облусунун губернатору Александр Моор жана Тюмень шаарынын башчысы Максим Афанасьев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө айтып, 2025-жылы Кыргызстанда Тюмень бизнес-миссиясын аймактын жетекчилигинин катышуусунда өткөрүү макулдашылганын билдирди.
Россиялык ишкерлер кыргыз өнөктөштөрү менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыгуусун билдирип, кыргыз айыл чарба жана жеңил өнөр жай продукцияларынын сапатын баса белгилешти.
Ошондой эле каймак майды жеткирүү жана 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Тюмень облусунун катышуусу боюнча пландар талкууланды.
"Прованс" жана "Ягоды плюс" ишканаларына барган учурда ишканалардын жетекчилери кыргызстандык фермерлер менен өнөктөштүктү эске алуу менен, продукциянын көлөмүн жана ассортиментин көбөйтүүгө жардам берүүнү суранышты.
Пикир
Оставить комментарий