Кочкордо мектеп сапатсыз курулган, прокуратура кылмыш ишин козгоду

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Кочкордо сапатсыз курулган мектепти колдонууга кабыл алган кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Нарын облусунун Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан курулуш мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Кочкор районунун Ара-Көл айылындагы мектептин курулуш иштери сапатсыз жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, аткарылган жумуштардын актыларын кабыл алышкандыгы аныкталган.

Мындан тышкары, пианино, муздаткыч, тигүү машиналары өңдүү керектүү жабдыктар жана эмеректер жок болгондугуна карабастан формалдуу түрдө жалган актыларды түзүү менен акча каражаттарын мыйзамсыз негизде куруучу ишканага которуп беришкен.

Натыйжада, мамлекетке 4 млн 626 миң сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кочкор РИИБне жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий