• 87
  • 90.63
  • 0.79

Башкы прокуратура аскер кызматкеринин жаракат алуусу боюнча текшерүү жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 02.11.24. /Кабар/. Улуттук Гвардиядагы аскер кызматкеринин жаракат алуусу боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан 28-ноябрда КР Улуттук Гвардиясынын 10 126 аскер бөлүгүнүн мөөнөттүү аскер кызматкери, катардагы жоокер Э.Шаршенбаев Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө “острый гломеруонефрит, нефрологический синдром” диагнозу менен жаткырылган факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү амалдары башталган. Ал эми Э.Шаршенбаевге келтирилген жаракаттын келип чыгышын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда аталган окуя боюнча тиешелүү тергөөгө чейинки текшерүү амалдары улантылууда, анын жыйынтыгы менен КР Кылмыш-жаза процессцалдык-кодексинин талаптарына ылайык мыйзамдуу чечим кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий