• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Башкы прокуратура маркум Раимжан Жакыповдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат

Коом 0

Бишкек, 17.10.20. /Кабар/. Башкы прокуратура 2020-жылдын 10-ноябрында Ош облустук прокуратурасынын ардагери Раимжан Жакыпов 58 жашында мезгилсиз дүйнө салганын тереӊ өкүнүч кабарлайт.

Ал 1952-жылдын 26-июнунда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Дыйкан айылында төрөлгөн.

1982-жылдын июнь айында кыргыз прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, ар түрдүү кызматтарды аркалаган.

Кийин 2008-жылдын 26-мартынан тартып Ош облустук прокуратурасынын ардагерлеринин тизмесин толуктап келген.

Раимжан Жакыпов ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин элесинде кала бермекчи.

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Прокуратуранын жалпы жамааты маркумдун жакындарынын жана туугандарынын тереӊ кайгыруусун жана орду толгус жоготуусун чогу бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий