• 86.2
  • 92.86
  • 0.9

Башкы прокуратура: Социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги дипломаттык паспортторду жеке максаттарда колдонгон

Коом 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги дипломаттык паспортторду жеке максаттарда колдонгону боюнча фактыларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

КРнын Башкы прокуратурасы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде жүргүзүлгөн пландык текшерүүнун алкагында КРнын “Тышкы миграция” жөнүндө мыйзамынын, диломаттык жана кызматтык паспорттор тууралуу жоболордун талаптарынын бир катар бузуулары аныкталган.

2018-жылдын 12-сентябрында дипломаттык кызматтык паспортторду министрликте иштеп жаткан жана жумуштан айдалган кызматкерлерге берүү, колдонуу жана кайтарып алуу боюнча уюмдун туура эмес иштерине байланыштуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысына карата Башкы прокуратура тарабынан административдик укук бузуулар тууралуу иш боюнча өндүрүш козголуп, материалдар Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кароо үчүн жиберилген.

Андан тышкары текшерүү учурунда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги дипломаттык паспортторду жеке максаттарда колдонгону тууралуу фактылар аныкталган.

Учурда аталган багытта текшерүү уланууда. Анын жыйынтыгында министрликтин кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Пикир

Оставить комментарий