• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Башкы прокуратуранын ардагери Анвар Калпакова көз жумду

Коом 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. 23-декабрда КР Башкы прокуратурасынын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси, КРнын эмгек сиңирген юристи Калпакова Анвар Абдыракмановна 81 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти

Анвар Калпакова 1939-жылдын 6-июлунда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кочкор айылында төрөлгөн.

1963-жылы кыргыз прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, алгачкы эмгек жолун Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурорунун стажер-жардамчысы кызматынан баштаган.

Прокуратура органдарында жалпы 39 жыл эмгектенип, ар түрдүү кызматтарды аркалап келген. 2002-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ардагерлеринин тизмесин толуктаган. Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

А.Калпаковага 1997-жылдан тартып Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия белгиленген (персональный пенсионер).

Анвар Абдыракмановнанын жаркын элеси ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин эсинде ар дайым сакталат.

Прокуратуранын жалпы жамааты маркумдун жакындарынын жана туугандарынын аза кайгысын теӊ бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий