• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Башкы прокуратуранын делегациясы Пекинде коррупцияга каршы жыйынга катышты

Коом 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын делегациясы Кытайдын Пекин шаарында өткөн Коррупцияга каршы укук коргоо органдарынын глобалдык оперативдүү тармагынын бешинчи пленардык отурумуна катышты. Бул тууралуу прокуратурадан билдирди.

Маалыматка ылайык, БУУнун БКБнын жана GlobE Network катчылыгынын демилгеси менен уюштурулган глобалдык форум жыл сайын өтүүчү коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ачык иш-чара болуп саналып, ага быйыл 105 мамлекеттен жана эл аралык уюмдардан 300дөн ашык өкүл чакырылган.

Пленардык отурумга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Индиянын антикоррупциялык ведомстволорунун өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, анда коррупцияга каршы күрөшүү, коррупцияга каршы саясаттын иштиктүү механизмин түзүүдө аймактык тажрыйба алмашуу чөйрөсүндө мындан аркы кызматташууну бекемдөө боюнча маселелер талкууланды.

Ошондой эле эл аралык эксперттер менен биргеликте трансулуттук акчаны адалдоо жана уурдалган активдерди кайтаруу жөнүндө тажрыйба алмашуу боюнча өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Пленардык отурумдун жыйынтыгы боюнча коррупцияга каршы укук коргоо органдарынын кызматташтыгын бекемдөө жана коррупциялык элементтер үчүн коопсуз башпаанек берүүдөн баш тартуу жөнүндө Пекин консенсусу кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий