• 87
  • 90.63
  • 0.79

Башкы прокурор Ош шаарынын жашоочуларынын көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Бүгүн башкы прокурор Максат Асаналиев өлкөнүн түштүк аймагына болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын тургундары менен жолугушту.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, ал тургундардын көйгөйлөрүн угуп, арыз-кайрылууларын кабыл алды.

Жарандар жер маселеси, шаар куруу жана салык мыйзамдарынын бузулушу, ишкерлердин мыйзамсыз ишмердүүлүгү, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү, тергөө иштеринин жүрүшү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жана балдардын укуктарын коргоо чаралары, ошондой эле мамлекеттик мекемелерде орун алган мыйзам бузуучулуктар тууралуу кайрылышты.

Башкы прокурор Асаналиев жарандардын көтөргөн ар бир көйгөйү терең каралып, мыйзам чегинде чечилерин баса белгилеп, аларды ыкчам жана натыйжалуу чечүү үчүн тиешелүү кызматтарга дароо тапшырмаларды берди. Ал жарандардын кайрылуулары мыйзамдуулукту чыңдоодо жана адилеттүүлүктү камсыздоодо өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгилеп, жарандык активдүүлүккө ыраазычылык билдирди.

Мындан сырткары, башкы прокурор Ош шаарында прокуратура кызматкерлерине арналган кызматтык турак жайдын курулушу жүрүп жатканын белгилеп, бул аракеттер прокуратура органдарынын социалдык камсыздоосун жакшыртуу максатында жасалып жатканын кошумчалап, прокурорлорго өз милдеттерин жогорку жоопкерчилик менен аткаруу талабын койду.

Пикир

Оставить комментарий