• 88.68
  • 95
  • 0.95

Башкы прокурор Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси боюнча айтып берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү ар бир өлкөнүн өз эрки. Бул тууралуу Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Зулушев прокуратуранын эл аралык бөлүмү бар, ал Бакиев боюнча иш аракетти жүргүзүп жатканын айтат.

“Белорусь мамлекети Бакиевди өткөрүп берүү боюнча баш тартканы, өкүмдөрдүн аткарылышынын баш тартканы конверция менен чечилет экен. Ар бир өлкөнүн өз эрки экен. Бирок прокуратура каражаттарды кайтаруу боюнча чоң иштерди жүргүзүүдө”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Белорусь өлкөсүнө качып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий