• 87
  • 90.63
  • 0.79

Башкы прокурор Баткен облусунун тургундары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Башкы прокурор Максат Асаналиев Баткен облусунда иш сапары менен болду.

Башкы көзөмөл органынан билдиришкендей, иш сапарынын алкагында башкы прокурор Раззаков жана Баткен шаарларынын тургундары менен жолугушуп, жарандардын арыз-муңун угуп, ачык баарлашып, көйгөйлөрдү тез арада чечүүгө багытталган тапшырмаларды берди.

Жолугушууга келген тургундар негизинен ишкерлердин укуктарын коргоо, чет өлкөдө соттолгон жарандарды Кыргызстанга өткөрүү, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү, тергөө иштеринин жүрүшү, кылмыш иштерин сотто кароону эртелетүү, жер маселеси жана соттук териштирүүлөр боюнча маселелерге кайрылышты.

Жыйынтыгында бардык айтылган сунуштар көзөмөлгө алынары айтылды.

Башкы прокурор алыскы аймактарда кызмат өтөгөн кызматкерлердин социалдык шарттарын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле кызматкерлерден кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткарууну, жарандардын кайрылууларын кылдаттык менен кароону, Конституцияда кепилденген адам укуктарынын сакталышына прокурордук көзөмөлдү күчөтүүнү жана кылмыштуулуктун алдын алууну талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий