• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кетти

Коом 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен отставкага кетти. Маалыматты КР президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

Анын айтымында, учурда президент Садыр Жапаров прокуратура системасындагы кызматкерлердин ичинен башкы прокурорлукка талапкерди карап жатат.

Эскерте кетсек, Курманкул Зулушев башкы прокурор кызматын 2020-жылдын октябрынан бери аркалап келет.

Пикир

Оставить комментарий