• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Башкы прокурор Максат Асаналиев Конституциялык соттун төрагасы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Бүгүн башкы прокурор Максат Асаналиев Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев менен жолукту. Бул тууралуу прокуратурадан маалымдашты.

Жолугушууда Башкы прокуратура менен Конституциялык соттун конституциялык мыйзамдуулукту сактоо боюнча өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маселе каралды.

"Ошону менен бирге КР Конституциялык сотунун чечимдеринин аткарылышына жана бул процессте прокуратуранын ролуна байланышкан маселелерди талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий