• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Башкы прокурор Нарында жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Бүгүн башкы прокурору Максат Асаналиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жолугушуу учурунда жарандар негизинен жер талаш жана менчик укугу маселеси, андан сырткары укук коргоо органдарына тийиштүү бир катар маанилүү көйгөйлөр боюнча кайрылышып, арыз-даттанууларын айтышты.

Башкы прокурор арыздар боюнча тийиштүү тапшырмаларды берип, ар бир маселеге өзгөчө көңүл бурулуп, чаралар көрүлөрүн жана аларды чечүү боюнча прокуратура органдары мыйзамдын негизинде иш алып барарын билдирди.

Эске салсак, бүгүн башкы прокурор М. Асаналиев Нарын облусунун прокуратурасынын, Нарын районунун прокуратурасынын жана Нарын шаарынын прокуратурасынын жаңы административдик имараттарынын курулушуна капсула салды.

Пикир

Оставить комментарий