• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Башкы прокурор Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 26.06.24. /Кабар/. Башкы прокурор Максат Асаналиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жолугушууда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун кеңешинин алкагында мындан аркы кызматташуу жана аталган кеңештин 2024-жылдын 25-июлуна мерчемделген 3-отурумуна даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Тараптар ТМУ өлкөлөрүнүн ортосундагы укуктук өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, сот адилеттиги системасын жакшыртуу жолдорун талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар натыйжалуу кызматташууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин тастыкташты.

Пикир

Оставить комментарий