• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация өтүүдө

Билим 0

Бишкек 07.06.23. /Кабар/. Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында негизги жалпы билим берүү программалары боюнча 2022-2023-окуу жылы үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация өткөрүлүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, бүгүн республика боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация математика/алгебра предметинен (комплекстүү тест жазуу түрүндө) өтүүдө.

Ал эми 12- июнда Кыргызстандын тарыхынан (оозеки), 16-июнда кыргыз тилинен (орус тилинде окуган класстарда) жана орус тилинен (кыргыз тилинде окуган класстарда) комплекстүү тест жазуу түрүндө жана тандалган предметтер боюнча сынактар болот.

2-июнда кесиптик лицейлерде 11-класстын бүтүрүүчүлөрү эне тили жана адабиятынан эссе жазышкан.

Белгилей кетсек, башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы тарабынан быйыл экинчи жылы экзамендер Zoom аркылуу көзөмөлдөнүүдө.

Пикир

Оставить комментарий