Башталгыч класстардын жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган “Окуу керемет!” долбоору дагы 5 жылга уланат

Коом 0

Бишкек, 01.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Башталгыч класстардын окуу жана математика боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган “Окуу керемет!” долбоору дагы 5 жылга улантылат. Бул тууралуу Кыргызстандагы USAID`дин миссиясынын директору Кая Адамс Бишкекте өтүп жаткан “Билим берүүнү трансформациялоонун заманбап стратегиялары” аталышында форумда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда “Окуу керемет!” долбоору 2019-2024-жылдарда өз ишмердүүлүгүн жүргүздү. 5 жылдык долбоордо болочок мугалимдерди даярдоо күчөтүлдү, мектептер үчүн жаңы китептер иштелип чыкты, электрондук китептер жеткиликтүү болду. Ошону менен бирге мугалимдердин кесиптик чеберчилиги жогорулатылды. Бул иштерди дагы улантуу максатында долбоорду 5 жылга узартуу чечими кабыл алынды.

“Биз 1682 мектепте иш алып бардык. 1579 жаңы электрондук китептер иштелип чыкты. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, биздин долбоор Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин келечектеги иштерин жүзөгө ашырууга жардам көрсөтүүгө багытталды. Азыркы реформалар жакшы багытта кетип баратат. Себеби, 12 жылдык мектеп билимине өтүү багытында иш алып барылууда. Ошондуктан ар бир реформаны ишке ашыруудагы колдообузда усулдук материалдарды иштеп чыгуу, мугалимдерди даярдоо, ЖОЖдордо мугалимдерди даярдоону күчөтүүгө көмөктөштүк”, - деди ал.

Ошондой эле Кая Адамс мектептер, билим берүү тармагындагы уюмдар, министрлик, ЖОЖдор, китепканалар менен иш алып барылганда “Окуу кереметтин” иштеп чыккан материалдарын, стратегияларын, окутуу ыкмаларын башталгыч класстарда гана эмес, башка тармактарда колдонууда окуу жетишкендиктеринин жакшырганы байкалганын айтты. “Акыркы баалоонун жыйынтыктары сентябрда чыгат. Аны карай турган болсок, чындап эле долбоордун алкагындагы жакшы натыйжалар болуп жатканы көрсөтүлүп турат”, - деп кошумчалады Кыргызстандагы USAID`дин миссиясынын директору.

Форумда билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев бул максаттарга жетүү үчүн программанын алкагында колдоо көрсөткөндүгү үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

“2022-жылдын январь айында 14 500дөн ашуун мугалим окуганды үйрөтүүнүн натыйжалуу ыкмалары боюнча тренингден өтүштү. Ал эми 12 миңден ашуун башталгыч класстын мугалими математика боюнча эки жылдык кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсун төрт тилде өткөрө баштады. 17 500дөн ашык мугалим жана китепканачы долбоордун алкагында окууну, жазууну үйрөтүү боюнча тереңдетилген модулдар боюнча окуудан өтүштү. Долбоор башталгандан бери кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде 922 электрондук китепти иштеп чыгууга колдоо көрсөтүлдү. Бул үчүн USAID`ге ыраазычылык билдиребиз”, - деп белгиледи Муратбек Касымалиев.

Маалымдалгандай, USAID`дин “Окуу керемет!” долбоору 1682 мектепте башталгыч класстарда окуган 450 миң окуучунун окуу жана математика боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоордун бюджети 18,9 млн АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий