• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Баскетбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Күн мурун баскетбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Иш-чарага Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттун-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясынын директору Урмат Асанбаев жана баскетбол федерациясынын өкүлдөрү, спортчулар жана күйөрмандар катышты.

Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылды.

Эркектер арасында мелдештин жыйынтыгы:
1-орун Shooters;
2-орун Гиннес;
3-орун Политехник.
Кыз-келиндер арасындагы мелдештин жыйынтыгы:
1-орун Forward;
2-орун AFB - Политехник;
3-орун Токмок.

Пикир

Оставить комментарий