• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Батир, акчалай сыйлыктар. Ош мэриясы Олимпиадага катышкан спортчуларды сыйлады

Аймак 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Бүгүн, 15-августта Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар күмүш медалдын ээси боксчу Мунарбек Сейитбек уулу, коло медаль тагынган балбан Акжол Махмудов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жана алардын машыктыруучулары Ошко келишти.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, аэропорттон спортчулар алардын урматына уюштурулган унаалардын коштоосунда Алымбек датка этно борборунда тосуп алынды.

Спортчуларды сыйлоо иш-чарасына Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, шаар тургундары, спортчулар жана алардын күйөрмандары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Олимпиада оюндарынын катышуучуларын Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов куттуктап акчалай жана жана баалуу белектер менен сыйлады.

Алсак Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарынын мэриясынын атынан 3 бөлмөлүү батирдин ачкычы жана 1 млн сом, ал эми анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевге 2 бөлмөлүү батир жана 500 миң сом, дагы бир машыктыруучусу Турдалы Оморовго 500 миң сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды.

Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча коло медаль алгандыгы үчүн Акжол Махмудовго 1 млн жана анын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго 200 миң сом, дзюдоч Кубанычбек Айбек уулуна 250 миң сом жана анын машыктыруучусу Бакыт Жусуповго 100 миң сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий