Бишкек, 23.04.18 /Кабар/. 17-апрелде Токмоктогу турак үйлөрдүн биринде 38 жаштагы А.С. аттуу эркек адамдын денесине залал келтирилген, бет жагында көгаласы бар сөөгү табылган.
Милиционерлер ыкчам-издөө чараларынын жүрүшүндө эки жергеликтүү тургунду кармашкан: 28 жаштагы К.А. жана Т.И.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Пикир
Оставить комментарий