• 86.17
  • 93.86
  • 0.87

Баткен – Боз-Адыр унаа жолунун 3,5 чакырым аралыгына асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун (эски багыт) Баткен – Боз-Адыр тилкесинде асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жеринде "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.

Быйыл аталган жолдун 7 чакырымын оңдоо каралып, бүгүнкү күндө жумуштар ортодон ооп, 3,5 чакырым аралыкка асфальт жаткырылды.

Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий