• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Баткен – Боз-Адыр унаа жолунун 7 чакырым аралагына асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун (эски багыт) Баткен – Боз-Адыр тилкесинде асфальт төшөө иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, быйылкы жылдын титулдук тизмесине ылайык 3 чакырым, ал эми капиталдык салымдар беренесинин эсебинен 4 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралып, план толугу менен аткарылды.

Жумуштар Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий