• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Баткен эки өндүрүш заводу ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Баткен шаарында Республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратынын курулушунан кабар алды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыковдун маалыматында, курулуштун жалпы сметалык баасы 123 млн сомду түзөт. Бүгүнкү күндө 72 млн сом каржыланып, курулуш 70% аткарылган. Учурда үч кабаттуу, эки корпустан турган имараттын ички жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат.

Курулуштун жүрүшүнөн кабар алган Абиш Халмурзаев имараттын канализация жана жылуулук системасынын курулуштарын жүргүзүүгө тоскоол болуп жаткан жер тилкесинин аныкталбагандыгы боюнча маселени кыска убакыттын аралыгында бүтүрүп, жердин документтерин берүүнү шаардын мэрине жана шаардык архитектуранын жетекчисине тапшырды.

Имарат 31-август эгемендүүлүк майрамына карата пайдаланууга берилээри күтүлүүдө.

Андан ары өкүл шаардагы биофабриканын курулушун көрдү. Жалпы сметалык баасы 14 млн сомду түзгөн имарат республикада биринчилерден болуп Баткен шаарында курулду. Учурда курулушу дээрлик 100% аяктап калган. Керектүү болгон акыркы үлгүдөгү жабдуулар да орнотулуп бүткөн. Алдыда бул жабдууларды иштетүү үчүн адистерди окутуу жумуштары гана калган. Андан соң биофабрика алгачкы продукциясын чыгара баштайт.

Кыргыз Агро борборунун директору Жаңыбай Тумановдун айтымында, биофабрика аймакта экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүүдө зор мааниге ээ. Бул мекемеде жакынкы күндөрү айыл чарба багытында өндүрүлүүчү бардык азык түлүктөрдү зыянкечтерден жана ар кандай илдеттерден сактоочу биологиялык, адам баласынын ден соолугуна зыянсыз дарылар чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий