• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен: коомдук тартип көзөмөлдө

Аймак 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында коомдук тартип көзөмөлдө, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо коомдук коопсуздукту сактоо, укук бузуулардын алдын алууда жалпысынан 900гө чукул милиция кызматкери тартылган.

Мындан сырткары, ар бир шайлоо участкаларына бекитилген милиция кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирге иш алып барышат.

"Азыркы сааттарга Баткен облус аймагында коомдук саясий абал туруктуу, шайлоочулар тарабынан укук бузуу фактылары катталган жок", - деп кошумчалашты облустук милициянын басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жергеликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий