Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарындагы Д.Карбышева атындагы жана “Кыргызстандын 50 жылдыгы” орто мектебинин окуучулары Кызыл-Кыя шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө болушту.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуучулардан түзүлгөн жаш өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тобу экскурсия учурунда өрткө каршы жана өрт өчүрүүчү-куткаруучу авто унаалар менен таанышып, шаймандар боюнча практикалык сабактарга катышты.
Пикир
Оставить комментарий