Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Баткен шаарынын мэринин 47 жаштагы айдоочусу кызматтык унаа менен 13 жаштагы окуучу баланы сүзүп кеткен. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабыркаган бала облустук оорукананын реанимация бөлүмүндө, абалы оор.
«Айрым маалыматтарга караганда, шаар башчысынын айдоочусу анын тууганы болот. Учурда «Тойота Камри» автоунаасы айып короосунда. Иштин материалдары тергөө кызматына өткөрүлүп берилет», - деп билдиришти ведомстводон.
Пикир
Оставить комментарий