• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Баткен: милициянын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө

Аймак 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөөдө. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Андан сырткары, Баткен ОИИБдин кызматкерлери жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга көчүрүүгө жардам берип, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу облустук штаб түзүлүп, жергиликтүүлөр коопсуз жайга чыгарылууда. Чек арадагы абал Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевдин көзөмөлүндө.

Чыр-чатак орун алган аймактан элдерди коопсуз жайларга көчүрүү боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп, чек аралаш аймактан азыркы учурда коопсуз жайга чыгарылууда.

Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык. Азыркы тапта чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө.

Буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

"Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда. Тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий